Бишкекте аялды күч менен алып кетүүгө аракет кылган адам кармалды

Эркек аялды күч менен машинеге салып, алып кетүүгө аракет кылган учур. Соцтармакта тараган видеодон алынган скриншот.

Бишкек шаарында аялды күч менен машинеге салып, алып кетүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу 5-июнда шаардык милициянын Ленин райондук бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, окуя 4-июнь, саат 17:40 чамасында Бишкек шаарынын "Жал" кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө болгон. Ж.У. аттуу жаран өзү тааныш кызды күч менен Honda Fit үлгүсүндөгү унаага салып алып кетүүгө аракет кылган. Унаа жүрүп бара жаткан учурда жабырлануучу секирип түшүп кеткен, жигит ага карабай кызды кайра унаага отурууга мажбурлаган.

Жолдон өтүп бараткан адамдардын кийлигишүүсү менен жабырлануучу качып кутулган. Шектүү жаран жабырлануучунун денесине залал келтирген.

Окуянын видеосу ушул эле күнү кечинде социалдык тармактардагы Black_list.kg баракчасына жарыяланып, коомчулукта резонанс жаратты. Анда машинеге күчтөп салынган кыз видео тартып жаткандарга кайрылып, милицияга чалып коюуну өтүнгөн. Видеодо кыз машинеден түшө качууга аракет кылып жатып жыгылып түшкөнү көрүнүп турат.

Милиция кыздын арызынын негизинде факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-165-беренеси (Адамды уурдоого аракеттенүү) менен кылмыш ишин козгоду.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде 1990-жылы туулган шектүү Ж.У. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул кылмыш иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ар тараптуу иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат. (ErN)

Дагы караңыз

ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, тоолордо сел жүрөрүн эскерттиУкраинада Орусиянын соккусунан бир үй-бүлөдөн үч киши мерт болдуЭл аралык 10 уюм “Клооптун” журналисттерин куугунтуктоону токтотууга чакырдыАКШга кирүүгө тыюу салынган 12 өлкөнүн тизмеси жарыяланды