Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко Прилуки шаарына жасалган орусиялык чабуулдан каза болгондордун арасында бир үй-бүлөдөн бир нече киши бар экенин, жергиликтүү өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысынын үйүнө дрон тийип, анын жубайы, кызы жана бир жашар небереси мерт кеткенин 5-июнда билдирди.
Чернигов облусуна караштуу бул калаада учкучсуз учактардын соккусунан беш киши каза болгону, дагы алты адам жараат алганы кабарланган.
5-июнда Украинанын Херсон шаары башкарылуучу авиабомба менен бутага алынганын жергиликтүү бийлик кабарлады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин 15 мүнөт аралыгында мындай бомбалардан төртөө учуп келгенин, администрациянын буга чейин да орус аскерлеринин аткылоосунан жабыркаган имараты ого бетер зыян тартканын билдирди.
Прокудиндин айтымында, 74 жана 68 жаштагы эки жергиликтүү тургун жараат алды, көп кабаттуу үйлөрдүн терезелери талкаланып, кээ бир жерлери кыйрады.
Харьков ракета жана дрон менен аткыланганы, кеминде 18 жайкын тургун жараат алганы белгилүү болду.
Одесса ушуну менен үчүнчү түн катар бою дрондордун чабуулу астында калды.
Жалпысынан, бейшембиге караган түнү Орусия Украинанын аймагына кеминде 103 согуштук дрон учурганын, бутага Чернигов, Харьков жана Одесса облустары алынганын, алардын 74ү атып түшүрүлгөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
2022-жылдын февралынан бери коңшусунун толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп келе жаткан Украина Орусия миңдеген согуш кылмышына жооптуу экенин айтууда. Москва мындай айыптоолорду адатта четке кагат. (RK)
Шерине