АКШ президенти Дональд Трамп Азиянын, Африканын жана Латын Америкасынын 12 өлкөсүнүн жарандарына 9-июндан тартып Кошмо Штаттардын аймагына кирүүгө тыюу салган жана дагы жети өлкөнүн жарандарына чектөө киргизген жарлыкка кол койду.
12 өлкөнүн катарына Ооганстан, Мьянма, Чад, Конго Республикасы, Экваториалдык Гвинея, Эритрея, Гаити, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йемен кирди.
Ал эми Бурунди, Куба, Лаос, Сьерра-Леоне, Того, Венесуэла жана Түркмөнстан жарандарына Кошмо Штаттарга кирүү жарым-жартылай чектелет.
Трамп жарлыгынын максаты тууралуу билдирүүсүндө АКШга визаны кандай жол менен алганын текшерүү оңой эмес болгон же мөөнөтү өтүп кеткен виза менен жашап жүргөн жарандардын өлкөлөрүнө карата ушундай чара көрүлгөнүн, анткени алар мамлекеттик коопсуздукка коркунуч жаратарын айтты.
Тизме улам өзгөрүп турарын белгилеген президент ар бир өлкө боюнча кырдаал өзгөргөнүнө жараша кайсы бирлери мындай тизмеден чыгарыларын, ал эми кээ бирлери киргизилерин кошумчалады.
Трамп президенттик экинчи мөөнөткө киришкенде миграциялык саясатты катаалдатарын убада кылып, бир нече жарлыкка дароо кол койгон. (RK)
Шерине