Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:17

Кыргызстан баштаган өлкөлөрдүн сунушу менен БУУ Дүйнөлүк жылкы күнүн негиздеди


Жылкы менен улак чаап жаткан кыргызстандыктар. Иллюстрациялык сүрөт.
Жылкы менен улак чаап жаткан кыргызстандыктар. Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы 11-июлду жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк жылкы күнү деп белгилөө жөнүндө резолюция кабыл алды. Бул тууралуу БУУнун сайты кабарлады.

Атайын бир күндү жылкы жандыгынын күнү катары негиздөө сунушун Кыргызстан, Монголия баштаган бир нече өлкө берген. Демилгени 169 өлкө колдоп, жалгыз АКШ каршы добуш берди.

БУУнун маалыматына караганда дүйнөдө ушул тапта 57 миллион жылкы бар.

Резолюциянын авторлору белгилегендей, жылкы багуу көп өлкөлөрдө адамдардын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана бакубаттыгы үчүн чоң мааниге ээ.

“Жылкы жаныбары ат минүү, ат чабыш, жүк ташуу, спорт жана туризм тармактарында адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип келет. Аны менен кошумча жумуш орундары түзүлүп, тамак-аш өндүрүмүн чыгарууга жана чарбага салым болууда” деп айтылат резолюцияда.

Документте “акыркы жылдары адамдардын жашоо образы өзгөргөндөн улам жылкынын саны кыскарып жатканы” белгиленип, “бул тармак колдоого муктаж экени, Жылкы күнү так ошого өбөлгө түзөрү” айтылат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 553 миңден ашуун жылкы бар. Бул он жыл мурдагыга салыштырганда 120 миңге көп. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG