Эл аралык 10 уюм Кыргызстандын бийлигин “Клооп Медианын” эки кызматкерине тагылган айыптоону алып, аларды бошотууга жана калган журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды. Бул тууралуу билдирүү Human Rights Watch уюмунун сайтында жарыяланды.
Кайрылууга кол койгон уюмдар Кыргызстанда коррупция жана адам укуктары жөнүндөгү материалдары менен белгилүү болгон көз карандысыз медиага жасалып жаткан басымга терең камтама экенин билдирип, бул окуя “ансыз да начарлап бараткан көз карандысыз журналистиканын абалын ого бетер начарлата турганы” белгиленген.
“Биз Кыргызстандын бийлигин "Клооп" жана анын кызматкерлерин коркутуп-үркүтүүнү жана куугунтуктоону дароо токтотууга, платформанын камакта жаткан кызматкерлерин бошотууга жана басма сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого чакырабыз. Биз ошондой эле Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүн, атап айтканда, Евробиримдикти бул өлкөдөгү көз карандысыз журналистикага жасалып жаткан кысымды токтотууну талап кылууга жана катуу коомдук позицияны карманууга чакырабыз”, – деп айтылат кайрылууда.
Кайрылууга Human Rights Watch уюмунан сырткары Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укугу боюнча Хельсинки фонду (HFHR), Araminta, Freedom For Eurasia, Civil Rights Defenders, People in Need, Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюму (OMCT), Адам укуктары боюнча эл аралык федерация (FIDH) кол койгон.
28-29-30-май күндөрү "Клооп Медиа" басылмасынын азыркы жана мурдагы 8 кызматкери, анын ичинде журналист, оператор, эсепчи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында суракка алынды. Айрым журналисттердин үйүндө, медианын кеңсесинде тинтүү жүрдү.
Басылманын оператору Александр Александров жана мурунку кызматкери Жоомарт Дуулатов 48 саатка кармалып, кийин эки айга камалды.
Атайын кызмат 30-майда билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген”,-деп айыптаган. Мекеме суракка алынган журналисттер “Клооп Медиа” менен мындан ары кызматташуудан баш тартууга убада бергенин" маалымдап, жүзү жабылган бир нече адамдын видеосун жарыялаган. УКМК тинтүү болгонун да ырастаган.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жарыялаган. Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган Болот Темиров муну толук четке каккан.
Amnesty International эл аралык уюму чукул билдирүү жасап, “Клооп” басылмасынын кызматкерлерин кармоо "көз карандысыз журналистикага каршы басым-кысымды күчөтүүдө" деп сындаган.
“Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин журналисттердин кармалышын мыйзамсыз деп атап, басылма ишин уланта берерин айтып, коомчулукка видео кайрылуу жасаган.
Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда "Клооп Медиа" коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын ал "азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы" жазылган арызы себеп болгон.
Учурда Кыргызстанда бул басылманын сайты бөгөттөлгөн. (ErN)
Шерине