“2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыкка кол коюлду. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкта өлкөнү андан ары динамикалуу жана комплекстүү өнүктүрүүнү камсыз кылуу максаты белгиленген.
Министрлер кабинетине алты айлык мөөнөттө 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана кабыл алуу тапшырмасы берилди.
Жогорку Кеңешке, сот бийлигинин органдарына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларын, стратегияларын, программаларын) жана иш-чаралар пландарын улуттук программага ылайык келтирүү сунушталды.
Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, кабыл алынган жаңы программа элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга жана туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүүгө багытталган. Башкы стратегиялык максат – 2030-жылга чейин ички дүң продукцияны 30 миллиард долларга чейин көбөйтүү, бул ИДПнын номиналдык өсүш темпин жыл сайын 8–10% деңгээлинде сактоону талап кылат.
Программанын артыкчылыктуу багыттары болуп жаңы жумуш орундарын түзүү, индустриалдаштыруу, айыл чарбасын жана агроөндүрүш тармагын өнүктүрүү, туризм, энергетика, транспорттук коридорлор жана экспорттук потенциалды жогорулатуу, ошондой эле административдик-аймактык реформанын экинчи этабын өткөрүү саналат. Мындан тышкары, билим берүү жана саламаттык сактоо системаларын өркүндөтүү сыяктуу социалдык маселелер да көңүл борборунда болот.