Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:54

Кыргыз тилинен тест тапшырбагандарга ЖРТнын жыйынтыгы берилбейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылтан тартып жогорку окуу жайларга тапшыруу өнөктүгүндө жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) негизги жана предметтик тесттеринин жыйынтыгы мамлекеттик тил боюнча тест тапшырган учурда гана берилет.

Агартуу министрлигинин 5-июнда жарыялаган маалыматына ылайык, эгерде абитуриент мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырбаса, анда ага ЖРТнын негизги жана предметтик тесттеринин жыйынтыгы берилбейт. Мындай буйрукту министрлик 2024-жылдын 7-февралында чыгарган.

Бирок мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшырууда эч кандай таасир этпейт.

Эгерде кандайдыр бир себептер менен ЖРТнын I-II этабында мамлекеттик тил боюнча тест тапшырылбай калган болсо, анда аны ЖРТнын III этабында Бишкек жана Ош шаарларында гана быйыл 21-июнда тапшырууга мүмкүнчүлүк бар.

ЖРТга каттоо же кошумча каттоо 10-июндан 18-июнга чейин Бишкек шаарында №24 Ааалы Токтомбаев атындагы мектеп гимназиясында, Ош шаарында Ош шаардык билим берүү башкармалыгында жүргүзүлѳт.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун билдирүүсү боюнча, үстүбүздөгү жылдын май айында ЖРТны тапшырган абитуриенттердин 179у мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырган эмес.

2024-жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларына 5 турдун жыйынтыгы менен 29 551 абитуриент кабыл алынган.

Шерине

XS
SM
MD
LG