1917-жылдагы Октябрь революциясынын жетекчиси жана Советтер Союзунун түзүүчүсү Владимир Лениндин Ош шаарынын башкы аянтындагы эстелиги алынды. Маалыматты Ош мэриясынын басма сөз кызматы ырастады. 7-июнь күнү эртең менен мэриянын кызматтары эстеликти ордунан көчүрүп кетти.
Лениндин эстелиги кайда жайгаштырылары тууралуу маалымат жок. Анын ордуна кандай эстелик орнотулары же башка курулуш жүрөрү тууралуу да маалымат жарыялана элек.
Жергиликтүү депутат Бекболот Арзибаевдин айтымында, шаардык кеңештин сессияларында эстеликти алуу маселеси каралган эмес, чечимди мэрия өзү кабыл алган болушу мүмкүн.
Буга чейинки мэрлер да эстеликти алууга бир канча ирет аракет кылып, бирок сөз иш жүзүнө ашпай келген.
Оштогу Лениндин эстелиги 1975-жылы Ош облустук жана шаардык мамлекеттик администрациясынын алдына орнотулган. Ал советтик скульптор, СССР Көркөм өнөр академиясынын президенти Николай Томскийдин эмгегине таандык.
Буга чейин Лениндин эстелигинин айланасында талкуу жүрүп келген. Ош шаарынын тургундарынын бир бөлүгү актуалдуулугу жоголгондугуна байланыштуу аны алып, ордуна Кыргызстандын эгемендигине тиешелүү башка эстеликти орнотууну сунуштап келишти. Мындай талкуу өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата өзгөчө жанданчу.
Шерине