Украиналык балдардын тобу Өзбекстан тараптын чакыруусу менен Курман айт майрамынын алдында эс алуу жана реабилитациялоо үчүн Ташкентке барды. Бул тууралуу Украинанын Өзбекстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, алар Украинанын согуштан жапа чеккен Харьков, Херсон, Николаев, Запорожье, Сумы, Хмельницкий, Львов жана Киев аймактарынын тургуну.
Ташкентте 12 күндүк эс алуу жана психологиялык реабилитация программасы тоо койнундагы лагерде уюштурулат.
"Украина элчилигинин кайрылуусуна жооп катары өзбек тараптын чакыруусу жана колдоосу менен уюштурулган гуманитардык миссиянын максаты - күн сайын уланып жаткан аба чабуулдарынан жана аткылоолордон балдарды алаксытуу", - деп айтылды дипломатиялык миссиянын билдирүүсүндө.
Элчиликтин маалыматы боюнча, программа Өзбекстандын өкмөтүнүн жардамы менен ишке ашты.
"Бул мамиле менен өзбек өкмөтү оор мезгилде украиналык балдарга ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүгө терең кызыкдар экенин көрсөттү", - деп белгиледи элчилик.
2023-жылы Украинадан барган 45 баладан турган топ Ташкент облусунун лагеринде реабилитациядан өткөн. Бул иш анда өзбекстандык ишканалардын жана коомдук уюмдардын колдоосу менен уюштурулган. (AiA)
Шерине