Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Зеленский Орусия Украинанын дээрлик бардык аймагын аткылап чыкканын айтты


Киев. 2025-жылдын 6-июну.
Киев. 2025-жылдын 6-июну.

Орусия 6-июнга караган күнү Украинанын аймагын согуштук дрон жана ракета менен аткылаганын өлкө бийлиги маалымдады. Түнкү 1де башталган жапырт аткылоо таңкы 5терге барып гана токтогону, негизги сокку борбор калаа Киевге жана өлкөнүн батыш аймактарына тийгени кабарланды.

Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматы билдиргендей, жалпысынан 407 дрон жана 44 ракета атылды.

Киевде үч кишинин өмүрү кыйылды. Алар жайкын тургундарга жардам берип жүргөн куткаруучулар болгонун Ички иштер министрлиги кабарлады.

Украин президенти Владимир Зеленский 6-июнга караган түнү Орусия "Украинанын дээрлик бардык аймактарына" чабуул жасаганын айтты. Аткылоого Волынь, Львов, Тернополь, Киев, Сумы, Полтава, Хмельницкий, Черкасск жана Чернигов облустары кабылды.

Украина коңшусу Орусиянын жапырт агрессиясына каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG