Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Саудия ажылыкты тейлеген дарыгерлерди үч эсе көбөйттү, күндүн ысышы 40 градустан ашты


Арафат тоосу. Архив сүрөт.
Арафат тоосу. Архив сүрөт.

Ажылык зыяратка баргандардын саламаттыгына кам көрүү максатында Сауд Арабиясы ошол аймактагы саламаттык сактоо мекемелеринде орундарды көбөйтүп, тейлеген медицина кызматкерлерин үч эсе көбөйттү. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахад бин Абдулрахман ал-Жалажел билдирди.

Бул күндөрү дүйнө мусулмандары үчүн ыйык деп эсептелген Арафат тоосунда 1,5 миллиондон ашуун киши ажылык ибадатын өтөп жатат.

Арафат тоосу Меккеден 25 чакырым аралыкта жайгашкан, анын бийиктиги 70 метрдин тегерегинде.

Азыркы тапта Сауд Арабиясында абанын температурасы күндүз 40 градустан ашып турат.

Былтыр да ажылык сапар июнь айында болгон, анда күн 50 градуска чейин ысып, 1300дөй зыяратчы көз жумган.

Ажылык сапардын уюштуруучулары зыяратчыларга атайын кондиционер менен жабдылган чатырлардан саат эртең мененки 10дон түштөн кийинки 16га чейин чыкпай туруу, көбүрөөк суу ичүү зарыл экенин эскертип турушат.

Кыргызстандан быйыл ажылыкка 6 миңдей жаран барды.

Муфтий Абдулазиз Закиров 6-июнь Курман айт майрамына карата куттуктоосунда ажылык сапардагы кыргыз жарандары тууралуу да айтып, алардын амандыгын тилөөгө чакырды жана ажылык ибадатынын кабыл болуусун каалады. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG