Беларуста дээрлик жети миң маалымат ресурсу "экстремисттик" деп таанылды. Бул тууралуу өлкөнүн маалымат министри Марат Марков билдирди.
"Министрлик жалпысынан 18 миң маалымат ресурсунун ишмердүүлүгүнө чектөө койгон. Өткөн жылы үч миңден ашуун ресурс бөгөттөлгөн",- деди ал.
Министр жети миң маалымат ресурсу быйылкы жылдын беш айындагы көрсөткүч экенин кошумчалады.
Буга чейин Беларус бийлиги көз карандысыз маалымат каражаттарын да “экстремисттик” деп тааныган.
2021-жылдын июль айында укук коргоо органдары "Азаттык" радиосунун беларус кызматынын кеңсесин тинтүүгө алышкан. Бир нече журналист кармалып, кийин кое берилген. Ошол эле жылдын 3-декабрында беларус кызматынын социалдык тармактардагы баракчалары “экстремисттик материал” деп табылган.
Беларуста жарандык активисттерди, журналисттерди, бийликке каршы пикирин билдиргендерди куугунтуктоо 2020-жылдын ортосунан бери уланып келет. Ошол кезде шайлоодо Александр Лукашенконун утушуна каршылык билдирип, түмөндөгөн адам нааразылык акциясына чыккан. Бийлик демонстрацияларды күч менен басып, миңдеген адамдарды камакка алган. Алардын арасында журналисттер, активисттер дагы бар. Көбү өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. (AiA)