Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:00

Израил "Хезболланын" Бейруттагы жайларына сокку урганын билдирди


Ливан. Бейрут.
Ливан. Бейрут.

Израил коңшусу Ливандын борбор калаасы Бейруттун түштүк чет жакасындагы бир нече жерге сокку урганын маалымдап, ал жакта "Хезболланын" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн, Иран колдогон жоочулар тобу жана саясий партия) аба күчтөрүнүн согуштук дрон даярдаган жертөлө жайлары бутага алынганын билдирди.

Жумага караган түнү башталган чабуул алдында Израил армиясы (ЦАХАЛ) "ирандык террордук кызмат адамдарынын жетекчилиги жана каржылоосу менен "Хезболланын" аба бөлүгү көп миңдеген учкучсуз учак даярдоо менен алектенип жатканы аныкталганын" кабарлаган.

"Мындай ишмердүүлүк Израил менен Ливан ортосундагы келишимдерди одоно бузуу болуп эсептелет. "Хезболла" ливан өкмөтүнө көйгөй жаратууда, келишимдердин аткарылышына бут тосууда", - деп билдирди ЦАХАЛ.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.

Ливан адатта мындай соккуларды айыптап, андай аракет атышпоо эрежесин көзөмөлдөөдөгү анын ролун басаңдатат деп айтып келет. Өлкөнүн премьер-министри Наваф Салам бейшемби күнү кызматка киришкен 100 күнүнө карата кайрылуусунда ливандык аскерлер "Хезболлага" таандык "500дөн ашуун аскердик позицияны жана курал-жарак сакталган жерди" жок кылышканын айткан.

Былтыр сентябрда Израил "Хезболлага" каршы "Түндүк жебе" операциясын жүргүзгөн. Анын максаты топтун аскердик инфраструктурасын талкалоо жана Израилдин түндүк тилкесиндеги эвакуация болгон жарандарынын үйүнө кайтуусуна шарт түзүү экени белгиленген. Израилдин "Хезболла" менен кармашы күчөп, 27-сентябрда Бейрутка жасалган аба соккусунан аталган топтун лидери Хасан Насралла өлтүрүлгөн.

2023-жылдын 7-октябрында Израил Газа тараптан ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) тобунун кол салуусуна кабылганын, 1197 кишиси өлтүрүлгөнүн, 251 кишисин барымтага алып кетишкенин, эртеси күнү Ливан тараптан "Хезболланын" ракеталык аткылоосу болгонун билдирген жана аларга каршы согуш баштаган. Ливанда 3 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлаган.(RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG