Венгрияда "чет элдик агент" мыйзамына добуш берүү күзгө калды

Виктор Орбан.

Венгрияда премьер-министр Виктор Орбандын ФИДЕС оңчул партиясы "чет элдик агенттер" тууралуу талаштуу мыйзам долбоору боюнча добуш берүүнү күз айларына калтырды. The Guardian басылмасы жазгандай, добуш берүү июнь айында болмок, бирок, партиянын парламенттик фракциясынын башчысы Мате Кочиш билдиргендей, мыйзам долбоорунун текстине байланыштуу бир топ сунуш түшкөндүктөн добуш берүү күзгө калды.

Долбоордо каржылоосу чет жактан болгон уюмдардын үстүнөн бийликтин көзөмөлүн күчөтүү, айыппул салуу жана ишин токтотуу боюнча ыйгарым укуктары жазылган. Ал өлкө ичинде да, сыртында да укук коргоочулардын, эл аралык демократиялык уюмдардын сынына кабылып, Орусиянын "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамына окшош деп белгиленген.

Amnesty International баштаган бир топ уюм мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырышкан.

Бийликтеги партиянын мындай демилгесине каршы нааразылык акциялары өтүп, Европадагы жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген 90го жакын редактор Европа Биримдигин венгер бийлигинин аракетине каршы кийлигишүүгө чакырышкан. (RK)

Дагы караңыз

Казакстанда чегиртке каптаган талаа тууралуу айткан блогер жазаландыӨКМ шашылыш билдирүү таратып, тоолордо сел жүрөрүн эскерттиБишкекте аялды күч менен алып кетүүгө аракет кылган адам кармалдыУкраинада Орусиянын соккусунан бир үй-бүлөдөн үч киши мерт болду