Чет элдиктерге этникалык кыргыз катары виза даярдоого шек саналган жаран кармалды

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы чет элдиктерди этникалык кыргыз катары каттатып, жасалма виза даярдап жүргөн деп шек саналган жаран кармалганын билдирди.

Милиция тараткан маалыматта ал башка өлкөдөн келгендерге жумушка расмий орноштурууну убада кылып, визаларды жасалмалап жүргөн. Анын негизинде 200дөй адамга ушундай документ берилген.

"Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө Кароол-Дөбө айылындагы конок үйлөрдүн биринде чет элдик жаран тиешелүү уруксаты жок жашап, иштеп жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Аталган факт катталып, териштирүү башталган. Анын жүрүшүндө чет элдик жарандын тек-жайы такталып, жанынан жасалма виза табылган. Бул фактыга байланыштуу Жазык кодексинин 168-беренеси (мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 1989-жылы туулган Ж.М. аттуу чет элдик жаран башка чет өлкөлүктөрдү этникалык кыргыз катары каттаткан мыйзамсыз схема уюштурганы аныкталды. Ал чет элдиктерге жумушка расмий орноштурууну, туруктуу жашоого уруксат алып берүүнү убада кылып, улутуна байланыштуу жалган маалымат камтылган жасалма документтерди даярдап келген. Андан кийин бул жалган маалыматтар Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына киргизилип, “M-Visa to ethnic Kyrgyz” категориясындагы бир жылдык визалар жасалган. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул схеманын негизинде 200дөн ашуун чет элдик жаран ушундай виза алган. Арасында жогорудагы Б.А. деген жаран да бар",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Ички иштер министрлиги Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн мигранттар, чет элдиктер 10-июнга чейин укуктук абалын жөнгө салбаса өлкөдөн депортация болорун эскерткен.

Өкмөт 29-майда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын легалдашусуна мүмкүнчүлүк берген убактылуу жобону бекиткен. Ал президент Садыр Жапаровдун 22-майдагы "Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу чаралары тууралуу" жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынганы малымдалган.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 21-майда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу жыйын өткөрүп, анда өлкөдө 5 миңдей мигрант тиешелүү документтери, уруксаты жок жүргөнү айтылган. Ушул жылдын 10-июнунан тартып рейддер башталары эскертилген.

Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.

Өкмөт былтыр чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берген. Эмгек, социалдык кымсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, анын үч миңи пайдаланылган эмес.

Мындан сырткары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миңден ашык чет элдик студент билим алат.

Дагы караңыз

Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат Орусия Украинага шайлоо өткөрүү, четтен аскердик жардам албоо тууралуу шарт койдуСадык Шер-Нияз трак айдаган кыргызстандыктар Францияда маңзат менен кармалганын билдирди Польша: президенттик шайлоонун экинчи турунда консерватор Навроцкий жеңди Орусия Украинадагы аскер полигонуна сокку урду, 12 адам мерт болду Ташкул Керексизовдун кызы "Аалам ордо" борборуна байланыштуу президентке кайрылды