ТАСС маалымат агенттиги Орусиянын согушту токтотууга байланыштуу меморандумун жарыялады.
Документте Москва тынчтык келишимине кол коюлардан мурда Киевге шайлоо өткөрүү тууралуу шарт койгон. Ошондой эле аннексияланган Крым жарым аралын, Донбасстын жана башка аймактардын эл аралык деңгээлде Орусияныкы деп таанылышын талап кылган.
Буга чейин орус делегациясын Стамбулга экинчи жолу жетектеп барган президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский расмий Москва согуш талаасында набыт болгон жоокерлердин сөөгүн "чогултуп" алуу максатында согуш жүрүп жаткан айрым аймактарда эки-үч күнгө ок атышууну токтото турууну сунуштаганын бышыктаган.
Орусия меморандумуна Украинанын аскердик бирикмелерге жана коалицияларга кошулбасын, мобилизацияны токтотушун, бири-биринин "саясий туткундарына", "жайкын тургундарына" мунапыс берилишин, Киевдин чет өлкөлүк аскердик жардамдан баш тартышын жазган.
Украин президенти Владимир Зеленский Москванын шарттарын "ультиматум" деп атады, бирок документти өз көзү менен көрө электигин билдирди.
Ал аскерлердин сөөгүн жыйнап алуу максатында ок атышууну кыска убакытка токтото туруу тууралуу сунушунан улам Стамбулдагы орус делегациясын "акылсыздар" деп атаган. Орус тараптын "дипломатияга умтулумуш" болгонунун артында АКШнын Орусияга санкция салуусунун мөөнөтүн чоюу турат деп билдирген.
"Жарашуу ошондой өлүмдөр болбошу үчүн керек. Владимир Мединский керектүү деңгээлдеги адам эмес жана техникалык жагдайларды түшүнбөйт. Командирлер согуш талаасынан ансыз деле сөөктөрдү алмашып алып жатышат".
Бул сүйлөшүүлөрдө Киев согуш маалында Орусияга алынып кеткен украин балдарын мекенине кайтарууну талап кылып, 500дөй баланын ысымы жазылган тизмени тапшырганы маалымдалган.
Стамбулдагы 2-июндагы украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы бир саатка жетпеген убакыт гана созулган жана дээрлик жыйынтыксыз аяктаган.
Анда тараптар оор жарадар аскерлерди, 19-25 жаштагы туткундарды жана каза болгондордун алты миңден сөөгүн айырбаштоону гана макулдашкан.
Шерине