ХАМАС АКШнын сунушуна көндү, бирок өзүнүн шартын койду

Газа тилкеси күн сайын бомбаланып, аткылоого туш болуп келатат.

АКШ менен Европа Биримдиги террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобу Вашингтондун 10 туткунду бошотуу, дагы 18 туткундун сөөгүн берүү сунушуна көндү, ошол эле маалда Израилдин абактарындагы палестиндер бошотулушу керек деген шарт койду.

Кошмо Штаттарынын президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф бул шартты аткарылгыс деп атады. Тель-Авив дагы аны четке какты.

Апта соңунда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху анын өкмөтү Уиткоффтун Газада ок атууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу планына макул болгонун билдирген.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Нетаньяху 60 күндүк жарашууга көнгөнүн, сунуш ХАМАСка жөнөтүлгөнүн ырастаган.

Документте Израилге 19 айдан бери уланып келаткан анклавдагы согушту токтотуу талабы айтылбаганы менен тараптар узак мөөнөттүү тынчтык орнотуу сүйлөшүүлөрүн баштоого тийиш деген шарт камтылган. АКШ, Египет жана Катар ок атышпоого кепилдик берери көрсөтүлгөн.

Израил армиясынын болжолдуу эсебинде, ХАМАСтын колунда ушул тапта 50 чакты киши отурат, бирок алардын 21и гана тирүү.

Израил марттын ортосунда убактылуу жарашуудан чыгып кетип, гуманитардык жардамды өткөрбөй, тилкени блокадада калтырган.

Анклавдагы гуманитардык кризис курчуп, бир жумадай мурун чектелген көлөмдөгү жүктү жеткирүүгө уруксат берилгени менен ачарчылык коркунучу тооруп турат.

Тилкедеги согуш 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган. Израилдин жооп иретинде баштаган согушу 54 миңден ашуун кишинин өмүрүн алганын анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

19-майда Израилдин куралдуу күчтөрү (ЦАХАЛ) анклавдын түндүгү менен түштүгүндө жердеги ири масштабдагы операциясын баштаганын жарыялаган.

Анклав күн сайын бомбаланып, аткылоого туш болуп келатат.

Дагы караңыз

Брянск: жүргүнчү ташыган поездге көпүрө кулап, жети адам мерт болду Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштөн 200 млрд сом түшкөнүн билдирди УКМКнын борбордук аппаратынын жаңы имараты ачылды Камчыбек Ташиев УКМК жаңы имаратка көчүп жатканын билдирдиСумы: Орусиянын соккусунан фермадагы жүздөгөн жандык кырылдыОрусия Украинага курал берүүнү токтото туруу тууралуу шарт койду Садыр Жапаров Ысык-Көлдү толтурган дарыялар азайганын айттыИлон Масктын Ак үйдөгү иши аяктады, Трамп ага алтын ачкыч берди Элчи Бөкөнтаев диаспора башчылары менен миграциялык талаптарды талкуулады Акыйкатчы институту Айзиректин балдарына, жакындарына укуктук жардам берет