АКШда Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү департаментинин (DOGE) башчысы, миллиардер Илон Масктын президенттик администрациядагы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктады.
Ак үйдө жума күнү аны узатуу иш-чарасы өтүп, журналисттерге маалымат жыйын болду.
Трамп Маскка Ак үйдүн сүрөтү чегерилген жыгач кутуга салынган алтын ачкыч белек кылды жана ал мындай белекти “өзгөчө адамдарга” гана берерин айтты.
Экөө тең бири-бирин мактап, жылуу сөздөрүн аяшкан жок.
“Илон чынында кеткен жок. Ал келип-кетип турат. Мен муну туюп турам. Бул (”DOGE -ред.) анын “баласы”, менимче ал дагы көп нерсе жасайт”,-деди Трамп.
Мунун алдында америкалык басылмалар экөөнүн мамилеси сууй түшкөнүн, АКШнын президенти акыркы убактарда ал тууралуу соцтармактарда дээрлик сөз кылбай калганын жазышкан.
Маск жыйынга оң көзү бир аз көгөргөн абалда келди жана буга беш жашар уулу себепкер экенин айтты.
Маск буга чейин CBS телеканалына курган маегинде Трамптын салык жана бюджетке байланыштуу президент өзү "чоң жана кооз" деп сыпаттаган мыйзамына көңүлү толбогонун билдирген. Бул документ анын чыгымдарды азайтуу аракетине кедергисин тийгизип, бюджеттик дефициттин өсүшүнө алып келерин белгилеген.Өткөн айдын башында Tesla жана SpaceX компанияларын жетектеген Маск убактылуу мамлекеттик кызматкер катары 130 күндүк мөөнөтү аяктагандан кийин, май айынын соңунда бизнеске кайтарын айткан.
Трамп жыл башында ант кармап кызматка киришкенден кийин дароо эле чыгымдарды азайтып, бюрократияны жоет деген максатта DOGE түзүлгөн жана ошондон бери мамлекеттик кызматтардан он миңдеген адам иштен алынган, бир катар агенттиктер, мекемелер жоюлган жана бул талаш-талкуу жаратып, соттошууларга жол ачкан.
Шерине