Орусия Украинага курал берүүнү токтото туруу тууралуу шарт койду

Василий Небензя

Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) өкүлү Василий Небензя расмий Москванын тынчтык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндөгү шарттарын айтты. Ал аталган уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Батыш мамлекеттери Украинаны курал-жарак менен камсыздоону, Киев болсо мобилизацияны токтото турушу керектигин билдирди.

Небензянын сөзүнө караганда, Москва биринчи күнү Стамбулда Киев менен согушту жөнгө салуунун шарттары жазылган меморандум менен алмашууга даяр.

Киев бул билдирүү тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин украин президенти Владимир Зеленскийдин администрация башчысы Андрей Ермак Киев тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасына чейин орус тараптан согушту жөнгө салуунун шарттары жазылган меморандумду күтүп жатканын билдирген.

Шаршембиде украин коргоо министри Рустем Умеров орус делегациясынын тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү жетекчиси Владимир Мединскийге Киевдин позициясын чагылдырган документти тапшырганы маалымдалган.

30-майда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүлөргө чейин эки тараптын тең документтеринин мазмуну коомчулукка ачык жарыяланбай турганын белгиледи. Ошол эле маалда Москванын өкүлү "Украин делегациясы аны менен кездешүүгө чейин тааныша алабы?", - деген суроого жооп берүүдөн баш тарткан.

Стамбулда 16-майда сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасында ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.

Сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын 2-июнда Стамбулда өткөрүүнү расмий Москва сунуштаган.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Ысык-Көлдү толтурган дарыялар азайганын айттыИлон Масктын Ак үйдөгү иши аяктады, Трамп ага алтын ачкыч берди Элчи Бөкөнтаев диаспора башчылары менен миграциялык талаптарды талкуулады Акыйкатчы институту Айзиректин балдарына, жакындарына укуктук жардам берет"Клооптун" оператору Александров менен мурдагы кызматкери Дуулатов эки айга камалдыТашиев көлдөгү кан жолдордун курулушун июлга чейин бүтүрүүнү тапшырдыОш шаарынын мэри күйөөсүнүн колунан мерт болгон келиндин балдарына жардам убада кылды