Кыргызстанда Орусиянын аймагында иштеп, дароо көп акча табууну убада кылган жарыялар соңку кезде көбөйгөнү байкалууда. Мындай жарнаманы көчөдөн да, социалдык тармактардагы баракчалардан да кездештирсе болот.
Аптасына 1000 доллар маяна убада кылган жарнамага көңүлү бурулбагандар аз. Мындай акчаны, мисалы, жумуш орду көбүрөөк борбор калаа Бишкекте иштеген киши, орточо эсеп менен, бир апта эмес, кеминде эки айда араң таба алат. Жумуш таап берүүнү убада кылгандар жумасына ашып кетсе 3-4 саат гана иштесе болорун, Орусияга бара турган жол киресин, жада калса жашаган жерин да өзүлөрү каржылап берерин айтып кызыктырышат.
"Азаттык" радиосунун кабарчылары мына ушундай жарыялардын биринде көрсөтүлгөн Telegram аккаунт менен байланышып көрүштү. Ал жактан келген жооптон Орусияда өтө көп маянага сунуш кылынып жаткан жумуш тыюу салынган маңзат ташууга байланыштуу экенин түшүнсө болот.
Бирок мындай ишке аралашуудагы олуттуу коркунучка карабастан Кыргызстандын жарандары арасында ушул сыяктуу сунушка макул болгондор жок эмес.
Орусиянын мыйзамдары боюнча бул өлкөдө маңзат соодасына айыпталган киши кеминде 20 жылга соттолот же өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылат.
Мигранттар менен тыгыз иштешкен юрист Мирлан Токтобеков маңзат ташуучунун "карьерасы" өтө эле кыска болорун, эң узагы эки апта созуларын "Азаттыкка" курган маегинде белгиледи:
"Орусияда кайсы бир кылмышка кириптер болгон Кыргызстандын жарандары арасында эң көбү мына ушул маңзатка байланыштуу кармалгандар. Жакында эле мен бир соттук териштирүүгө катыштым. Анда Кыргызстандын 1998-жылы туулган жараны буюртма аркылуу чакан посылка жеткирип бергени үчүн эле 15 жылга эркиндигинен ажыратылды".
Токтобековдун айтымында, кээ бир учурда бул ыплас бизнеске тартылып калган адамдар тууралуу бийликке анын уюштуруучулары өзүлөрү айтып коюшат. Адатта алар сооданын бул түрүнө көптөн бери аралашып, аткезчилик түйүнүндө кайсы бир олуттуу "кызматты" ээлеп калган адамдар. Алар курьер буюртма берилген дарекке жеткенде ал тууралуу полицияга кабарлашат. Күч түзүмдөрүнүн колуна түшкөндөн кийин жеткирүүчүнүн үстүнөн териштирүү башталып, камакка алынат.
Мындай учурда орусиялык маңзат бизнесине кириптер болуп калган чет өлкөлүк жарандарда өзүнүн укугун коргоого мүмкүнчүлүк өтө аз экенин кошумчалаган Токтобеков:
"Биздин жарандардын (Орусиядагы) укугу өтө начар корголгон. Аларга башка да айыптарды оңой эле "илип" койсо болот. Борбор Азиядан баргандар бул схемадагы эң оңой "олжо", - деп айтты.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Орусиядагы кылмыштуу ишмердүүлүккө кыргыз жарандарын азгырып жаткан уюштуруучуларды аныктоого аракет кылып жатканын билдирүүдө.
ИИМдин Маңзатка көзөмөл кызматынын өкүлү Каныбек Үсөнов билдиргендей, Орусиянын жана Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттердин тийиштүү кызматтары жана мекемелери менен бул жаатта биргелешкен териштирүү иши жүрүп турат. Мисалы, анын айтымында, жакында Кыргызстан ишке ашырган операциянын жыйынтыгында маңзат сатуучу боюнча сайт жабылып, үч шектүү кармалды. Кармалгандардын бири кыргызстандык, калган экөө өзбек жана орус жарандары экени аныкталды.
"Баары интернет аркылуу иштегендиктен шектүүлөрдүн жайгашкан жерин аныктоо өтө татаал", - деди ал.
Ал эми Орусияга барып иштөөгө азгырган жарыяларды, Үсөновдун айтымында, Кыргызстандын өз жарандары жайгаштырып, жайылтууда.
Орусиянын мыйзамдары боюнча, адамдарды азгырып, башка өлкөлөргө алып чыгуу, сатуу кылмышы абак жазасы менен гана чектелбейт.
Бул өлкөнүн Жаза аткаруу федералдык кызматы билдиргендей, азыркы тапта Орусиянын түрмөлөрүндө кармалып тургандардын арасынан 30 миңден ашууну чет элдик жарандар. Алардын 70 пайызы Борбор Азия өлкөлөрүнөн баргандар.
Украинага кол салып, толук масштабдуу согуш ачкандан бери Орусия абактагы жарандарын түрдүү убада менен майданга алып чыгууда. Ошондой убадага макул болуп, согуш талаасында курман болгондор арасында борборазиялыктар да аз эмес.
Украинанын “Хочу жить” долбоору эсептеп чыккандай, азыркы тапта Украинадагы кармашта орус тарапта 3000 миңдей Борбор Азия жараны согушуп жүрөт.
Орусиялык аскерлерге бөтөн жерде каза болгончо андан көрө туткунга түшүп, өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берерин убада кылган "Хочу жить" долбоору быйыл 10-апрелде Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялады. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын кеминде 38и каза болгон.
"Хочу жить" бул тизме орус армиясынын атын атагысы келбеген өкүлдөрүнөн алынганын билдирди. "Азаттык" тизмедегилердин аты-жөнүн социалдык тармактарда жакынын издеген тайпалардагы маалыматтарга салыштырып, тактады. "Хочу жить" долбоору жарыялаган кыргызстандыктардын тек-жайы ошондой тайпаларда дайынсыз жоголгондордун тизмесинде да бар экенин аныктады.
Орусияда маңзат ташууга айыпталып камалган кыргызстандыктардын маселеси Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн. Соңку учурда баңгизатка байланыштуу камалган Кыргызстандын жарандары көбөйүп жатканын, арасында бир үй-бүлөдөн бир нечеси да бар экени тууралуу коңгуроо кагып, алдын алуу иштерин күчөтүүгө чакыргандар болгон.
Макаланын англисче версиясы бул жерде
Шерине