Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:42

Орусиянын эки ири заводунда дрон соккусунан кийин өрт тутанды


"Азот" ишканасындагы өрт. 2025-жылдын 8-июну.
"Азот" ишканасындагы өрт. 2025-жылдын 8-июну.

8-июнга караган түнү Орусиянын Тула облусундагы Новомосковск шаарында жайгашкан "Азот" химиялык заводу учкучсуз учактардын чабуулуна кабылды. Бул тууралуу орусиялык Телеграм каналдар кабарлашты, маалыматты облус губернатору Дмитрий Миляев да тастыктады.

Миляевдин айтымында, соккудан улам заводдун аймагында өрт тутанды, кеминде эки киши жараат алды.

"Азот" заводунда башка продукция менен катар аммиак селитрасы өндүрүлөт, бул затты жардыргыч жасоо үчүн колдонсо болот. Ал эми ушул эле ишканадан чыккан метанол ракетанын күйүүчү отунун даярдоодо, аргон темир жол өнөр жайында колдонулат.

Ушуну менен бул ишкана соңку эки апта ичинде экинчи жолу соккуга кабылды. 24-майда да аны согуштук дрондор бутага алган.

Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиге караган түнү абадан коргонуу системалары Украина тараптан учурулган 61 дронду атып түшүрүштү. Учкучсуз учактар Брянск, Белгород, Калуга, Тула, Орел, Курск жана Москва облустарынын жана аннексияланган Крым жарым аралынын аймагын бутага алганы маалымдалды.

Оккупацияда турган Мелитополь шаарында "Гидромаш" заводу өрттөнүп жатканы да кабарланууда. Бул ишкана учактын бардык түрлөрүнө зарыл тетиктерди жасайт.

Москванын мэри Сергей Собянин өткөн түнү борбор калааны көздөй учуп бараткан кеминде 10 дрон атып түшүрүлгөнүн Телеграм каналына жазды.

Эртең менен Москванын "Внуково" жана "Домодедово" аэропортторунда учактардын учуп-конуусуна кайрадан убактылуу чектөө киргизилди. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG