Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде 50 орунга ылдыйлап, 122-сапка түштү. Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотту. Орусия Украинанын башкалаасы Киевге Иранда өндүрүлгөн “Шахед” (Shahed) дрондору менен чабуул койду. Белградда өспүрүм мектепте 10 кишини атып салды.
Белградда мектепте өспүрүм 10 кишини атып салды
Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде 50 орунга ылдыйлап, 122-сапка түштү. Ал тапта Бишкекте эркин медиага басым, “Азаттык” радиосунун ишине байланыштуу талкуу өттү. Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотту. Өлкөдө адам укугунун сакталышы, сөз эркиндиги боюнча пикирин ачык айтып келаткан омбудсмен бир жыл мурун эле шайланган. Орусия Украинанын башкалаасы Киевге Иранда өндүрүлгөн “Шахед” (Shahed) дрондору менен чабуул койду. Ал эми Херсон шаарындагы жалгыз супер-маркетке урулган соккудан кеминде 3 киши набыт болду.
Чыгарылыштар
-
Июнь 05, 2025
Орусия: Мигранттын баласы мектепке кантип кирет?
-
Июнь 05, 2025
Айзиректин өлүмү: Мылтыктын ээси ким?
-
Июнь 03, 2025
Оштун мурдагы казысы кайра камалды
-
Июнь 02, 2025
Курманбекова орус жарандыгынан эмнеге ажырады?