Качкындар Өзбекстанга Амударыя аркылуу өтө баштады
Бишкектин Биринчи май райондук соту адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү соттоду. Судья ишке катышы бар беш кишинин үчөөнү жети жылдан, эки адамды алты жарым жылдан абакка кести. Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбоору иштелип чыкты. Долбоор кабыл алынса 100% мамлекетке караштуу ишканаларга уран жана торий иштетүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Ооганстандык качкындар Амударыяны кечип, Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет кылууда. Сурхандарыя облусунун тургундары качкындар колго жасалган кайык, салдар менен, айрымдары дарыядан сүзүп өтүп, коңшу өлкөнүн аймагына киришкенин айтып беришкен.
Чыгарылыштар
-
Июнь 05, 2025
Орусия: Мигранттын баласы мектепке кантип кирет?
-
Июнь 05, 2025
Айзиректин өлүмү: Мылтыктын ээси ким?
-
Июнь 03, 2025
Оштун мурдагы казысы кайра камалды
-
Июнь 02, 2025
Курманбекова орус жарандыгынан эмнеге ажырады?