Орусияда болжол менен 1 миллиондой кыргызстандык эмгектенет. Алар Кыргызстанга жылына 2,5 миллиард долларга чейин которушчу. Бул өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн дээрлик 30% түзөт. Орус экономикасы артка кетип, жумуш орундары кыскарса, ал жакта эмгектенген мигранттардын жашоосу кандай өзгөрөт? Кыргызстан мекенине кайтып келген жарандарын жумуш менен камсыз кыла алабы? Ошол эле маалда Орусиядагы кризис мигранттарга кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
Украиналык Петр Верко орусиялык аскерлерден коркпой турганын айтат. Ал Киевдин түндүк-батыш жагындагы Горенка кыштагында жашайт. 3-мартка караган түнү орусиялык аскерлер бул кыштакты бомбалап, бир нече турак үйүн жок кылышкан.
Украинанын бир катар аймактарында улуттук армия менен өлкөгө басып кирген орус аскерлеринин салгылашуусу уланып жатат. Украинанын саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, куралдуу чабуулдарда 350 карапайым тургун, анын ичинде 16 бала курман болду. 360 миңден көп киши кошуна мамлекеттерге качты.
Орус күчтөрү Украинанын экинчи ири шаары Харьковго киргени кабарланды. 27-февралдын таңында баш калаа Киевдин айрым райондорунда катуу жарылуу болду. Президент Зеленский тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин, бирок мындай диалог Беларустун аймагында өтпөшү керектигин айтты.
Киев үчүн салгылаш уланып жатат. Украинанын өкмөтү Кызыл чырым уюмуна кайрылып миңдеген орус аскерлеринин сөөктөрүн мекенине жеткирип берүүнү суранды. Орусия каза болгон аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек. Кошуна мамлекеттерге он миңдеген украиналыктар качууга аргасыз болушту.
Украинанын борбору Киевден батыштагы Львов шаарына эвакуацияланып жаткан украиналыктар.
26-февралдын таңында Орусиянын армиясы аткан ракета Киевдин Соломенский районундагы Лобановский проспектисиндеги көп кабаттуу үйгө тийип, 18-20-кабаттар талкаланды. Куткаруучулардын маалыматында каза тапкандар жок экени, бир нече киши жараат алганы айтылды. Үйдүн жашоочулары чабуул болгон маалда баш калкалоочу жайда болушкан. Киевдеги метро токтоп, азыркы тапта эл жашынган жайга айланды.
Орусия Украинанын чыгышына аскер киргизүүнү чечти. Кыргыз президенти Москванын соңку чечими боюнча үн катты. Батыштын санкциялары Орусияны токтото алабы? Путиндин Украина жана мурдагы советтик республикалар тууралуу соңку риторикасы Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн кандай сигнал берет?
Батыш лидерлери Орусия Украинага кайсы маалда болбоcyн кол салышы ыктымал экенин эскертүүдө. Москва Беларустагы машыгууларга катышкан аскердик техникасын чыгарып кетип жатканын билдирди. Бул Киев менен Москванын тиреши дипломатиялык жолго ыктаганын айгинелейби же тескерисинче Орусиянын кезектеги "оюнубу"?
Кытайда криптовалюта өндүрүүгө тыюу салынгандан кийин Казакстан биткоин жасоодо экинчи орунга чыкты. Кыргызстанда болсо электр энергиясынын тартыштыгынан улам санариптик акчаны майнинг кылгандар чектелип турушат. Ал ортодо криптовалюта алып-саткан кыргызстандыктар арбып жатат.
Кыргызстан менен Венгриянын өз ара мамилелери акыркы маалда активдүү өнүгүп жаткандай. Октябрда Бишкекте кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду, Кыргызстандын Будапешттеги элчилиги ачылды.
Батыш менен Орусиянын тиреши күч алды. Украинанын чек арасынын жанында жүз миңден ашуун орус аскери топтолуп турат. Орусия “НАТО Украинадан, Борбор Азиядан оолак турушу керек” деп катуу талап коюуда. Москва эмнени көздөйт? Бул маселеде Кыргызстандын позициясы кандай?
Лыжа спортунун чебери кыргызстандык Максим Гордеев өлкөнүн атынан кышкы Олимп оюндарына жолдомо алган жалгыз спортчу. Ал "Азаттыкка" курган маегинде февралда Бээжинде өтчү Олимп оюндары, Кыргызстандагы тоо лыжа спорту жана Каракол лыжа базасы тууралуу ой бөлүштү.
Амега - жасалма интеллект тармагындагы новатордук жетишкендиктердин жардамы менен адам сыяктуу эле жүзүн кыймылдата алат. Британиялык Engineered Arts компаниясы Амеганы жасоого төрт жыл убакыт короткон. Эми ал Лас-Вегаста өткөн эл аралык технологиялар көргөзмөсүндө көрсөтүлүп, жаңылык жаратты.
4-февралда Бээжинде XXIV Кышкы Олимпиада башталат. АКШ жана бир катар мамлекеттер Кытайдагы адам укуктарынын абалына, Шинжаңдагы мусулмандарды басмырлоого, Тибеттеги, Гонконгдогу антидемократиялык аракеттерге нааразылык билдирип, дүйнөлүк мелдештерге расмий делегацияларын жөнөтпөөнү чечти.
12-январда Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы эки бейтаптан аныкталды. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эки айдын ичинде Европа калкынын жарымынан көбү "омикронго" чалдыгышы мүмкүн деп 11-январда эскертти. АКШда аны бир күндө бир миллиондон көп киши жуктуруп алды.
Казакстандын тарыхындагы эң ири нааразылык жана башаламандык ондогон адамдын өлүмү менен аяктады. Өзгөрүүнү каалаган карапайым калктын мүдөөсү ишке аштыбы? Ордо оюндарында ким утту? Коңшу өлкөдөгү кырдаалдан Кыргызстан кандай сабак алышы керек? “Биз жана дүйнө” программасынан көрүңүз.
АКШда Дональд Трамптын тарапташтарынын Капитолийди басып алуу аракети, Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоо жана конституциялык референдум, Алексей Навальныйдын камалышы, Израил полициясы менен палестиналыктардын чоң жаңжалга айланган кагылышы, Ооганстанда “Талибандын” бийликти басып алышы.
Суук түшөрү менен Борбор Азияда электр энергиясына болгон таңкыстык курчуду. Чөлкөмдүн бүтүндөй калкына электр жарыгы үзгүлтүк менен берилүүдө. Борбор Азиядагы энергетикалык кризистин себеби эмнеде?
Орусияда мигранттардын санын азайтуу, курулуш өңдүү кээ бир тармактарда аларды жергиликтүү жумушчуларга алмаштыруу, миграциялык мыйзамдарды катаалдаштыруу демилгеси акыркы айларда өзгөчө көп көтөрүлө баштады. Мындай чакырыктарга эмне себеп болууда жана эмнеден кабар берет? Орусия мигранттарга чындап эле муктаж эмеспи? Кыргызстандык мигранттарды саясатчылардын айткандары чочулатабы?
Дагы жүктөңүз