Кыргызстанда 18 жашка чейинки курактагы балдардын саны дээрлик 3 миллионго жакын, алардын көбүн эркек балдар түзөт, былтыр төрөлгөндөрдүн көбү да эркектер. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Мекеменин расмий маалыматына караганда, быйылкы жылдын башындагы эсепте балдардын жалпы саны 2 миллион 715 миңди түзгөн, алардын 51,4% эркек балдар. Былтыркы жылдын башындагы эсепке салыштырганда балдардын жалпы саны быйыл январь айына карата 23 миңге көп болгон.
Жети жашка чейинки курактагылар 39%, 7-14 жаштагылар 46%, 15-17 жаштагылар 15%. Балдардын көбү (63,6%) айыл жергесинде жашайт.
2024-жылы Кыргызстанда 140 миңден ашуун бала төрөлгөн, алардын 73 миңи уул, 67 миңи кыз бала.
Расмий никеси жок энеден төрөлгөндөр жалпы эсептин 6% түзөрү аныкталды.
"Бул көрсөткүч акыркы жылдары мусулманчылык салтына ылайык никелешүүнүн кеңири жайылышы менен түшүндүрүлөт. Юридикалык никеден тыш төрөлгөн балдардын кайсы бир бөлүгүнүн чынында атасы да, энеси да бар, бирок алардын 98% энесинин гана арызы боюнча катталса, 2% ата-энесинин биргелешкен арызы менен катталган. Бул айрым балдар үй-бүлөдө атасыз чоңоюшу мүмкүн экенин көрсөтөт", - деп билдирди Улуттук статистика комитети.
Өлкөдө 2 миңдей бала бакчада 257 миң бала тарбияланууда, 2394 орто мектепте 1,5 миллион бала билим алууда. (RK)