Лос-Анжелесте миграция кызматынын рейдине каршы акцияда полиция менен кагылышуу болду

АКШ. Мыйзамсыз миграцияга каршы рейд. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейддерге нааразылыгын билдиргендер акцияга чыгып, полиция менен кагылышуу болду. Калифорния штатынын түштүгүндөгү Лос-Анжелес шаарында 7-июнга караган түнү АКШнын Иммиграция жана бажы полициясынын (US Immigration and Customs Enforcement, ICE) рейдине каршы чыккандар таркап кетүү талабына баш ийбей, таш ыргытканда аларга күч колдонулганын Los Angeles Times жазды.

Окуя болгон жерден тартылган видеолордон полиция демонстранттарды союл менен сабап, көздөн жаш агызуучу газ колдонгонун көрүүгө болот.

Анын алдында АКШда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармап, депортациялоо менен алектенүүчү ICE кызматкерлери 44 кишини кармап кеткени кабарланган. Күбөлөр бул рейд учурунда ICE инспекторлору кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу атайын каражаттарды колдонгонун жазышкан.

Ошондон кийин шаардын борбордук бөлүгүнө 300дөй киши чогулуп, ICE полициясынын мындай катаал ыкмаларын айыпташкан.

Мыйзамсыз мигранттарды кармоо, өлкөдөн чыгаруу рейддери АКШда Дональд Трамп быйыл жыл башында президенттик кызматка киришкенден кийин башталган.

Лос-Анжелестин мэри Карен Басс иммиграциялык рейддерди айыптап, шаар тургундары арасында коркунуч жаралып, коопсуздук боюнча негизги принциптерге зыянын тийгизип жатканын айтты. (RK)

Дагы караңыз

Калкка берилген керектөө насыясынын жалпы көлөмү эки эсе өстүКыргызстанда орус тилдүү мектептер көбөйүүдөХарьков согуш башталгандан бери Орусиянын эң катуу соккусуна кабылдыБорбор Азия өлкөлөрүнүн Индия менен кызматташтыгы такууланды