Кыргызстанда орус тилдүү мектептер көбөйүүдө

Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда орус тилинде жалпы билим берген орто мектептердин саны жыл сайын 4-5% көбөйүүдө. Улуттук статистика комитетинин эсептерине ылайык, соңку 10 жыл ичинде жалаң орус тилинде билим берген мектептер 5% көбөйдү. Ал эми кыргыз-орус тилинде аралаш окуткан мектептердин санында 19% өсүш болгон.

2024-жылдын соңундагы расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 260 мектеп жалаң орус тилинде, 576 мектеп кыргыз-орус тилинде билим берет. Бул жалпы 2394 орто мектептин 1/3 (үчтөн бирин) түзөт. Мындан тышкары өзбек-орус, кыргыз-орус-өзбек жана орус-өзбек-тажик тилдеринде билим берген жүздөн ашуун орто мектеп бар.

Ошол эле маалда, кыргыз тилдүү мектептердин саны он жыл мурдагы көрсөткүчкө караганда 4% азайып кеткен.

Ал эми орус тилинде окуган окуучулардын саны 2015-жылдан бери 8% өссө, кыргыз-орус тилинде аралаш окугандардын саны эки эседен ашкан (203%).

2024-жылдын соңуна карай жалаң орус тилинде окуган балдардын саны жалпы окуучулардын ичинде 149 миң болсо (21%), кыргызча-орусча билим алгандар 660 миңге жетет (79%).

Кыргызстан быйылтан тартып окуучуларды кийинки класска көчкөндө кыргыз тилинен милдеттүү экзамен тапшырта баштады. Сынак лексика-грамматика, окуу-түшүнүү жана жазуу боюнча өтөрү, быйыл 5-6-класстар, ал эми келерки 2025-2026-окуу жылынан тартып 7-8 жана 10-класстар тапшырары маалымдалган.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы 5-июнда таркаткан маалыматына ылайык, республика боюнча 53 мектепке барып, 5-6-класстын окуучуларын кийинки класска көчүрүүдө кыргыз тили боюнча билим деңгээлин текшерүү үчүн уюштурулган экзаменге мониторинг жүргүзүү пландалган. Бирок 49 гана мектеп камтылды. Акыйкатчынын өкүлдөрү Бишкектин төрт мектебине кире алган жок.

Дагы караңыз

Харьков согуш башталгандан бери Орусиянын эң катуу соккусуна кабылдыБорбор Азия өлкөлөрүнүн Индия менен кызматташтыгы такууланды Байкоочу жана көзөмөл органдарын кыскартуу сунушталдыКыргызстанды өнүктүрүүнүн беш жылдык улуттук программасы бекитилди