Орус тилинен сынак мигранттын балдарын билимсиз калтырабы?

Екатеринбург шаарындагы мектеп. Архив.

Орусиянын Рособрнадзор мекемеси ушул жылдын апрелинен тартып мигранттардын балдары үчүн орус тилинен экзамендин талаптарын күчөттү. Ага ылайык, мектепке кириш үчүн бала берилген суроолордун 90% туура жооп бериши керек. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин өзүнүн Telegram каналында жазды. Мурун мектепке кабыл алуу үчүн 30% көрсөткүч жетиштүү эсептелчү. Жаңы талаптын кыргыз мигранттарына таасири кандай болот? Ансыз да ата-энеси миграцияда жүрүп, балдары жакындарынын колунда калып, көйгөй жаралган учурлар көп.

Москвада жашаган Майрамдын (аты өзгөртүлдү) эки баласы мурдатан эле ошол жактагы мектепте окуйт. Быйыл апрелдин башында кызын 1-класска берүү үчүн талап кылынган документтерин чогултуп тапшырган. Документи үч күндүн ичинде эле кабыл алынып, андан ары орус тилинен тест тапшыруу үчүн жөнөтүшкөн. Белгиленген күнү кызын алып барып, сынакка киргизип чыгышкан:

“Бир жумадай өткөндөн кийин “кызыңар тесттен өтпөй калды, орус тили жетишсиз болуп калды” деген кат келди. Кызымдан кандай тапшырганын сурасам “сүрөттө атасы-апасы, баласы турган экен, ошол эмне кылып жатат” деп сурады, айры, кашыктарды сурады” деди. Алардын баарына жооп бердим деди. Кийин билсем, айрыны башында башкача айтып алып, анан дароо оңдоп кеткен экен. Кызым кичинекей болгону менен аябай намыскөй. Мектептен тескери жооп келгенин угуп аябай ыйлады. Кызым аябай жаман болуп, “мен анда окубайм” дейт. Араң соороттум. “Дагы бир аракет кылсаңар болот” деп жатышат. Дагы кайталап арыз берем эми. Кийинкисин үч айдан кийин гана тапшырыш керек экен. Анда өтө узак болуп, августта сабактары башталса, жетишпей калабыз да”.

Орусияда мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда орус тилинен тест тапшыруу тартиби күчөтүлгөндөн бери ал жактагы кыргызстандыктар алдыда күтүлүп жаткан сыноолорго бушайман болуп турушат. Мектепке тапшыра турган документтердин топтому дагы калыңдап, баланы Сахароводогу медкароодон өткөрүү милдети кошулган.

Орусияда эмгектенген дагы бир кыргызстандык Назгүл (аты өзгөртүлдү) балдарды мектепке берүүдө документтерге болгон талаптар көбөйгөнүн айтты:

“Быйыл кызымды 1-класска беришим керек. Онлайн арыз жөнөтсөм, документи жетишсиз деп баш тартышты. Карап чыксам, Сахароводон медкароодон өтүш үчүн документибиз жок экен. Жаш балдарды дагы чоңдордой эле Сахарового алып барып, толук анализ тапшырып, медкароодон өткөрүш керек экен. Ал жакта балама манту жасашты, үч күндөн кийин кайра барып текшерүүдөн өттүк”.

Дагы караңыз РБК: Мектептеги орус тили боюнча тестке чет өлкөлүк балдардын 19% уруксат алды

Володин: "Мигранттардын балдары үчүн орус тили мыйзамын кабыл алып туура кылыптырбыз"

Орусияда 1-апрелден тартып мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда орус тили боюнча тесттин талаптары бир кыйла күчөгөн. Талап кылынган документтер да катаалдаган. Ошондон бери Орусиянын ар кайсы аймактарында мигранттардын балдарын 1-класска кабыл алуу боюнча сынамык тесттер өтүп жатат.

Апрелден бери Орусиянын Билим берүү жана илим чөйрөсүндө көзөмөл жүргүзүү боюнча федералдык кызматына сынакка катышуу үчүн 1762 арыз келген. Бирок анын 81% документтериндеги жетишсиздиктин айынан тестирлөөгө жетпей эле кулаган. Мекеме аларга баш тартуунун негизги себептерин документтерди толук эмес тапшыргандыгы, маалыматтардын туура эместиги жана билим берүү уюмдарында бош орундун жоктугу менен түшүндүрөт.

Орусиянын 10 регионунда өткөн тестирлөөгө 335 бала катышып, алардын 44ү сынактан өткөнү белгиленген.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин өзүнүн Телеграм каналында жазган билдирүүсүндө тестирлөөнүн алгачкы жыйынтыктарын атап келип, бийлик туура багытта баратканын айтты:

“Апрелден тартып өлкөбүздүн мектептеринде кабыл алуу өнөктүгү башталган. Билим берүү жана илим чөйрөсүндө көзөмөл жүргүзүү боюнча федералдык кызмат (Рособрнадзор) жашы жете элек чет элдик жарандарды кабыл алуунун алгачкы жыйынтыктарын чыгарды. Мыйзамды аткаруудагы алгачкы жыйынтыктар депутаттар аны иштеп чыгып туура кылышканын көрсөтүп турат”.

Мыйзамды кабыл аларда, 2024-жылдын ноябрында Вячеслав Володин Телеграм каналында сурамжылоо жүргүзүп, ага катышкан 600 миңден ашуун респонденттин 96% демилгени колдогон.

“Орусия Федерациясындагы билим берүү жөнүндө” мыйзамга былтыр декабрдын соңунда киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, биринчи класска кирүү үчүн тестирлөө оозеки түрүндө жүргүзүлөт. Экинчи класстан тартып окуу жана жазуу көндүмдөрүн текшерүү сынактары кошулат. Орусиянын мектептеринде окуу үчүн мигранттардын балдары 90% туура жооп бериши талап кылынат. Биринчи класста 10 тапшырма берилет – бала өзүнүн жашы, дареги тууралуу айтып, сүрөттөгү предметти жана адамдардын маанайын сүрөттөп бериши керек. Экинчи класста 20 суроо, 6-9-класстарда 22 суроо, ал эми 10-11-класстарда 24 суроого жооп беришет.

Тесттен өтпөй калса орус тили боюнча дагы кошумча даярданып келип, үч айдан кийин гана кайра тапшыра алышат.

Мигранттарга жана алардын балдарына карата күчөтүлүп жаткан талаптардан улам Орусиядагы кыргыз диаспоралары да өз иш-аракеттерин көрүп жатат. Орусиянын Челябинск облусундагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Зыйна Бакирова буга чейин орус жарандыгын алууда талап кылынган орус тили сынагына жардам берүү үчүн гранттык долбоор жазып, маалыматтык иш-чараларды аткарып келген. Бул жолу да ошол багыттагы ишин улантууга аракет көрүп жүргөнүн айтат:

“Мектепке чейинки жана мектеп жашындагыларга дагы бир долбоор жазып, 2-июнда тапшырдык. Бир айдан кийин чечими чыгат. Эгерде колдоо тапса, анда дагы окутууну баштайбыз. Мектептерден экзаменге даярдоо боюнча программасын алабыз. Билим берүү министрлигинен кандай суроолор берилет, ошого жараша даярдайбыз. Бирок биздин жарандар “балдарыңарды алып келгиле, үйрөтөлү” десек деле алып келишпейт. Балким, иштен бошобойбу. Ошондуктан онлайн түрдө да көбүрөөк уюштуруп, өткөргөнгө аракет кылып жатабыз”.

Дагы караңыз Элчи Вакунов орус тилинен тест тапшыруу кадыресе көрүнүш экенин айтты

"Мигранттар тынчсызданып жатышат, Кыргызстандын аракети көрүнбөйт"

Орусиядагы мигранттар менен тыгыз иштешип келген эксперт Рахат Сагынбек кызынын айтымында, мектепке кабыл алуудагы орус тилин билүү талабы катаалдагандан бери мигранттардын арасында кабатыр болгондор көбөйдү:

“Бизге мигранттар жазып кайрылып жатышат. Балким орусча сүйлөшөт, бирок бардык эле балдар тестти тапшыра албайт. Себеби орус тилинин грамматикасы деген бул илим да. Чоң кишилер тапшыра албай жаткан тестти мигранттын балдары кантип тапшыра алат? Бизга кайрылгандардын көбү “ошол тестирлөө боюнча атайын даярдоо курстары барбы” деген каалоолорун айтып жатышат. Тилекке каршы, өтө кыска мөөнөттө балдарды ал тестирлөөгө даярдоо мүмкүн эмес. Анүчүн атайын убакыт керек, жок дегенде 2-3 ай даярданышы керек. Биздин мигранттарда ал даярдык жок. Биз Орусиянын билим берүү башкармалыктарына, Кыргызстандын элчилигине да кайрылууларды жазып жатабыз. Тилекке каршы, биздин үнүбүз жетпей, маселени чечүүгө дараметибиз жетишсиз болуп жатат”.

Сагынбек кызы тестирлөөдөн өтпөй калгандар үчүн Агартуу министрлиги дистанттык түрдө окуу уюштурушу керек деген сунушту берип жатышканын кошумчалады. Анткени, эгерде балдар ал жакта окуй албаса, жок дегенде ата-энеси менен чогуу, бирок үйдө отуруп дистанттык түрдө окуп кетиши зарыл.

Челябинск облусундагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Зыйна Бакирова Агартуу министрлигине жазган каттары жоопсуз калып жатканын айтып, “мигранттар өз мамлекетинин колдоосуна муктаж болуп турат” дейт:

“Мен эки жылдан бери Агартуу министрлигине кат жөнөтөм. Быйыл дагы Догдуркүл Шаршеевнанын жеке почтасына кат жаздым. Былтыр Кыргызстанга барганда жеке өзүнө кирип, кабинетинде да сүйлөшүп келдик. Так ушул кыргыз жарандарынын балдарына билбегендерине орус тилин үйрөтүү, а бул жакта төрөлгөн кыргыздын балдарына кыргыз тилин үйрөтүү боюнча сүйлөшкөнбүз. “Кыргызстанда билим берүү министрлигинде кандайдыр бир түзүлгөн программалар болсо, берсеңиздер” деп айтканбыз. Биз курстарды уюштурабыз, бирок Орусиядагы мугалим кесибиндеги мигранттарды келип окутуп бергенге муктаждыгыбыз бар. Бирок менин кайрылуум жоопсуз калды. Кечээ жакында да Догдуркүл Шаршеевнанын жеке почтасына суранып жаздым “же бир кызматкериңиздин номерин берип койсоңуз, же окутуу программаларын эле жөнөтүп койсоңуздар, ошого жараша иш алып баралы, быйыл ушундай мыйзам кабыл алынды” десек, Кыргызстан тараптан жардам жок”.

2024-жылдын соңундагы расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда 260 мектеп жалаң орус тилинде, 576 мектеп кыргыз-орус тилинде билим берет. Бул жалпы 2394 орто мектептин 1/3 (үчтөн бирин) түзөт. Мындан тышкары өзбек-орус, кыргыз-орус-өзбек жана орус-өзбек-тажик тилдеринде билим берген жүздөн ашуун орто мектеп да бар.

Жалаң орус тилинде окуган балдардын саны 149 миң болсо (21%), кыргызча-орусча билим алгандар 660,6 миңге жетет (79%). Орус тилинде билим берген мектептердин саны жыл сайын көбөйүп барат.

"Жаңы мектеп ачылды, мигранттын балдарын аралыктан окутат"

Кыргызстандын Агартуу министрлиги (мурдагы Билим берүү жана илим министрлиги) мектепке камтылбай калган, анын ичинде ар кандай себептер менен өлкө сыртында жүргөн окуучуларды башталгыч билим менен камсыздоо боюнча өз аракетин көрүп жатканын билдирүүдө.

Берилген маалыматтарга таянсак, буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги дипломатиялык каналдар аркылуу Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцовго кат менен кайрылган. Анда 1-апрелден тартып күчүнө кирип жаткан мигранттардын балдарынын орус тилин билүүсүнө коюлган талаптардын күчөшүнө байланыштуу жеңилдиктерди сураган. Расмий Бишкек постсоветтик мамлекеттердин арасынан Кыргызстанда орус тилине расмий макам берилгендигин, кыргыз мектептеринде орус тили расмий тил катары окутулуп жаткандыгын жүйө келтирип, ошондон улам мигранттардын балдарын орус тилинен сынак тапшыруудан бошотууну өтүнгөн.

Кыргызстандын Агартуу министрлигинин кызматкери Самат Тоялиев муну менен катар мектепке барып окууга мүмкүнчүлүгү чектелген жана мигранттардын балдарын жалпы билим берүү менен камсыздоо үчүн аралыктан окуткан жаңы мектеп ачылып жатканын билдирди:

“Орусиядагы мигранттардын балдарынын орус тилин дурус деңгээлде билүүсү жана билим берүү менен камтылышы үчүн бизде “Туңгуч” деген онлайн мектебибиз ишке кирип жатат. Ал Бишкектеги профессор Айдаркан Молдокулов атындагы улуттук мектеп-лицейдин базасында ачылган. Кудай буюрса, 2025-2026-окуу жылынан тартып иштей баштайт. Ошол мектепке мигранттардын балдарын кабыл алып, окутса болот. Бул мектеп кадимки билим берген мектептердин аналогу болуп саналат, Кыргызстандын билим берүү стандарттары менен окутулат. Болгону окутуу аралыктан, онлайн форматта жүргүзүлөт”.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Орус бийлиги кол салуу үчүн шектүү деп тажик тектүү жарандарды атаган.

Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдар кабыл алынып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган.

Дагы караңыз Орусия: Элчи Бөкөнтаев кыргыз балдарын орус тилинен тест берүүдөн бошотууну сунуштады