Маск Трампты "чоң бомба" менен коркутту, Трамп андан "көңүлү калганын" айтты

Илон Маск жана Дональд Трамп. Архив сүрөт.

АКШ президенти Дональд Трамп мурдагы өнөктөшү Илон Маск бюджеттик чыгымдарды кыскартуу мыйзамын сынга алганына "абдан таң калганын" жана "капаланганын" айтты. Трамптын шайлоо кампаниясына 250 миллион доллардан ашык каражатын сарптаган Маск, өз кезегинде, Трампты "жакшылыкты билбейт" деп айыптады.

АКШда өлкө президенти Дональд Трамп менен анын тарапташы болуп келген мультимиллиардер Илон Масктын ачык кайым айтышуусу экөөнүн тең компанияларынын акцияларынын курсу төмөндөп кетишине алып келди.

Илон Маск Трамп тууралуу Х социалдык түйүнүнө "Мен болбосом Трамп шайлоодо утулмак, Өкүлдөр палатасын демократтар көзөмөлдөп калмак, республикачылар Сенатта утулмак. Кандай жакшылыкты билбегендик", - деп жазды.

Анын алдында Дональд Трамп Ак үйдө өткөн пресс-конференцияда сүйлөп жатып мамлекеттик чыгымды кыскартуу тууралуу мыйзамды сындап чыкканы үчүн Масктан "көңүлү калганын" айткан.

"Илон экөөбүздүн мамилебиз жакшы болчу. Мен бул мамилебиз кайра калыбына келеби, билбейм", - деди Трамп бейшемби күнү журналисттерге.

Ачыкка чыккан кайым айтышуу

Ушул эле күнү Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен өткөргөн маалымат жыйынында Трамп Маскты мыйзам долбооруна нааразы болгондугу үчүн дагы бир жолу сынга алды.

Дональд Трамп.

"Мен абдан капа болдум, анткени Илон бул мыйзам долбоорунун ички тарыхын бул бөлмөдөгү дээрлик бардык адамдарга караганда жакшы билген. Анан күтүлбөгөн жерден анын ачуусу келип калды. Ал жеке мен жөнүндө жаман эч нерсе айта элек, бирок мен бул анын кийинки кадамы экенине көзүм жетип турат",-деди ал.

Трамптын бул сөзү Маскка карата түз айтылган сын катары кабыл алынды.

Маск АКШда электромобилдерге мамлекеттен берилүүчү субсидия кыскарып жатканына нааразы экенин айткан Трамп себебин андай каржылык жеңилдик анын компанияларына пайдалуу болуп келгени менен түшүндүрдү.

Ошондон кийин Маск ачууланып, Х социалдык түйүнүнө бул мыйзамга каршы бир нече твит жарыялады. Алардын биринде Трамптын мыйзам долбоорунун мазмунун жакшы билген деген сөзүн четке какты:

Илон Маск

"Калп. Бул мыйзам долбоору мага эч качан көрсөтүлгөн эмес жана түн ортосунда ушунчалык өтө тез кабыл алынгандыктан Конгрессте дээрлик эч ким аны окуганга үлгүргөн жок!".

Маск Трамптын субсидия тууралуу айтканын "накта калп" деп атады жана аны башка да иштерге айыптап, өзүнчө саясий партия ачуу демилгесин көтөрдү.

Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагында жазган билдирүүсүндө маселенин баары электромобилдерге байланыштуу экенин дагы бир ирет кайталады. Ал бюджеттен миллиарддаган долларларды үнөмдөөнүн жакшы бир жолу Масктын бардык келишимдерин жана субсидияларын жокко чыгаруу экенин кошумчалады:

"Бюджетибиздеги акчаны, миллиарддаган долларларды үнөмдөөнүн эң оңой жолу - Илондун өкмөттүк субсидияларын жана контракттарын токтотуу. Мен Байден муну кылбаганына таңмын!".

5-июнда Маск АКШнын президентине "чоң бомба" таштай турганын айтып, Трамптын аты балдарга зордук-зомбулук, сойкулук иштерин жүргүзүү боюнча соттолгон Жеффри Эпштейнге байланыштуу жарыяланбаган файлдарда бар экенин кошумчалады. Бирок буга далил катары кандайдыр бир маалымат көрсөткөн жок.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Масктын билдирүүлөрүнө реакция жасап:

"Бул мыйзамда Илон каалаган саясат жок. Ошондуктан ал нааразы болуп жатат", - деп жазды.

Келишпестикти жайгаруу аракети

Бейшемби күнү POLITICO басылмасына курган маегинде Трамп "баары жакшы" деп билдирди.

Басылма Ак үйгө жакын булактарга таянып, Трамптын жанындагылар чырдын ырбап кетишине жол бербөө үчүн аны сөзүн жумшартууга бир нече күндөн бери үндөп жатканын жазды.

Трамп Truth Social баракчасындагы соңку билдирүүлөрүндө "Илондун менден жүз бурганы мага баары бир, бирок ал муну эртерээк жасашы керек болчу. Бул мыйзам Конгресске киргизилген эң улуу мыйзамдардын бири", - деп жазды.

Америкалык белгилүү ишкер, инвестор Билл Акман Х баракчасына:

"Мен Трамп жана Маск экөөнү тең колдойм. Алар биздин улуу өлкөбүз үчүн тынчтыкка келиши керек", - деп жазды.

Маск анын бул сөзүнө "Туура айтасыз" деп кыска жооп берди.

Саясат талдоочу Александра Филиппенко "Настоящее время" телеканалына курган маегинде Трамп менен Масктын ортосундагы чырдын ыктымал кесепеттери тууралуу:

"Мындай чыр-чатактын артында Кытайдын чоң желеги көрүнүп турат. Анткени Кытай мындан эң көп пайда көрөт. Чыр күчөп кетчү болсо Илон Маск Dragon космос кемесин эксплуатациядан алып чыгып кетиши мүмкүн. NASA Space Shuttle жарактан чыккандан кийин толугу менен Dragon кемесинен көз каранды болуп калды. Эгер SpaceX жеке компания экенин жана Маск АКШга гана иштейм деп убада бербегенин эске алганда, курч маселе жаралышы мүмкүн. Бул учурда, албетте, Кытай потенциалдуу түрдө учуруу аянтчаларын, сейрек кездешүүчү металлдарга жетүүнү, космосту изилдөөдө өнөктөштүгүнүн бардык түрлөрүн сунуштап да, камсыздай да алат", - деп айтты.

Дагы караңыз Трамптын сунушу: тележылдыз Пентагонду башкарат, миллиардер ысырапкорчулукту тыят

Маск Трамптын шайлоо өнөктүгүнө 250 млн доллардан ашуун каражатын коротконун билдирген, кийин ал президент болуп келгенден кийин администрациясында жаңы ачылган өкмөттүн ишинин натыйжалуулугу боюнча департаментти жетектеген. Жакында ал кызматын тапшырып, Трамптын ыраазычылыгын алып кеткен.

Мамлекеттик чыгашаны кескин кыскартуу үчүн дайындалган Маск жумуштан жапырт бошотууну жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) сыяктуу мекемелерди толугу менен жоюуну демилгелеген.

Анын департаменти 180 миллиард доллар үнөмдөгөнү маалымдалган. Маск өзү чыгашаны 2 триллион долларга чейин кыскартууну максат кыларын айткан болчу.