Мамыркулованын иши: Эксперттин талаштуу корутундусу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Октябрь райондук сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча эксперт-лингвист суралды. Эксперттин журналисттин соцтармактагы посттору боюнча чыгарган корутундусу бир топ суроону жаратып, айрым жагдайлар талашка түштү. Журналист өзүнө козголгон кылмыш ишинин маңызы жок экенин белгилеп, айыптарды четке какты.