Илон Маск Трамптын салык жана бюджет тууралуу мыйзамын дагы сындады

Илон Маск.

Америкалык миллиардер Илон Маск АКШдагы Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү департаментинин (DOGE) башчылыгынан кеткенден кийин президент Дональд Трамптын салык жана бюджетке байланыштуу мыйзамын кескин сынга алды.

Ал Х соцтармагындагы баракчасына бул документти "жийиркеничтүү" деп сыпаттады.

"Кечирип койгула, бирок менин сабырым түгөндү. Бул чоң, нааразылык жараткан чыгым тууралуу мыйзам - жийиркеничтүү. Аны колдоп добуш бергендерге уят, өзүңөр деле туура эмес кылганыңарды билесиңер",-деп жазды Маск.

Ак үй Масктын бул билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.

Маск буга чейин дагы CBS телеканалына курган маегинде Трамп өзү "чоң жана кооз" деп мактаган бул мыйзамына көңүлү толбогонун билдирген. Бул документ анын чыгымдарды азайтуу аракетине кедергисин тийгизип, бюджеттик дефициттин өсүшүнө алып келерин белгилеген.

Tesla жана SpaceX компанияларын жетектеген Масктын президенттик администрациядагы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 30-майда аяктаган. Трамп аны узатуу иш-чарасында ага Ак үйдүн сүрөтү чегерилген жыгач кутуга салынган алтын ачкыч белек кылып, мындай белекти “өзгөчө адамдарга” гана берерин айткан. Экөө тең бири-бирин мактап, жылуу сөздөрүн аяшкан эмес.

Бирок айрым америкалык басылмалар экөөнүн мамилеси сууй түшкөнүн, АКШнын президенти акыркы убактарда ал тууралуу соцтармактарда дээрлик сөз кылбай калганын жазышкан.

Трамп жыл башында ант кармап кызматка киришкенден кийин дароо эле чыгымдарды азайтып, бюрократияны жоет деген максатта DOGE түзүлгөн жана ошондон бери мамлекеттик кызматтардан он миңдеген адам иштен алынган, бир катар агенттиктер, мекемелер жоюлган жана бул талаш-талкуу жаратып, соттошууларга жол ачкан.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Бакиевди Кыргызстанга алып келүүгө кызыкдар эместигин айтты Садыр Жапаров Атамбаев кайрылса ага мунапыс бериши мүмкүн экенин билдирди Айзиректин өлтүрүлүшү тууралуу талаштуу пост жазган блогердин агасы дагы сурак берди ИИМ: Айзиректин күйөөсүнүн куралы текшерилбегени үчүн айрым кызматкерлер жазаланды Былтыр шылуундар интернет аркылуу 1 млрд сомдон ашык акчага алдап кеткен Орусия: теги тажик көп балалуу аял батир сертификатын кайтарып алуу үчүн сотко кайрылды ӨКМ Ак-Сайда карда калган чабандарга көмөк көрсөтүлгөнүн билдирди Ак үй: Трамп Эрдогандын украин-орус сүйлөшүүлөрүнө катышуу сунушуна макулЧет элдиктерге этникалык кыргыз катары виза даярдоого шек саналган жаран кармалды