Кой-Таш соту: Атамбаев 11 жылга кесилди, үч саясатчы камакка алынды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына үч кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Кой-Таш окуясы боюнча сот Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискациялоого өкүм кылды. Атамбаевдин тарапташтарына да ар кандай жаза мөөнөттөрү чегерилди. Айыпталуучулар соттун өкүмүн арыздана турганын айтышты.