Стамбулдагы Чыраган сарайында Украина-Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы жыйынтыкталды. Reuters агенттиги тараптардын жолугушуусу бир сааттан ашык убакытка созулганын жазды. Ушундай эле маалыматты Орусиянын ТАСС агенттиги да жарыялады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар туткундарды айырбаштоо тууралуу жаңы тизмелерди даярдап жатканын билдирди. Бул тууралуу Литванын баш калаасы Вильнюста өтүп жаткан саммит учурунда айтты.
Мунун алдында украин президенти Вильнюста сүйлөп жатып, Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө жылыш болбосо, Орусияга жаңы санкциялар салынышы керектигин айткан. Мындай басым Европа өлкөлөрүнөн гана болбошу керектигин белгилеген.
Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу азырынча толук маалымат жок.
Украин президентинин аппарат жетекчиси Андрей Ермак Стамбулдагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышкан украиналык делегаттар Киев Москвага кайтарып берүүнү каалаган балдардын тизмесин бергенин билдирди.
Буга чейин эки тарап тең келечектеги тынчтык келишими боюнча меморандумдардын долбоорлорунун өз варианттарын сунуштай турганы айтылган.
Financial Times гезитинин кабарчысы Кристофер Миллер украин тарап даярдаган документтин текстин жарыялады.
Анда толук жана эч кандай шартсыз ок атышууну токтотуу; жаш балдар, жай тургундар жана туткундарды "бардыгы бардыгы үчүн" форматында алмашуу; Украина үчүн ишенимдүү коопсуздук кепилдиктери; Украинанын НАТОго жана ЕБге кирүү мүмкүнчүлүгү;
Евробиримдиктин аскер күчтөрүн Украинанын аймагына жайгаштыруу; 2014-жылдын февраль айынан бери Орусия басып алган аймактарды тааныбоо сыяктуу бир катар талаптар жазылган.
Орусия тарап даярдаган документтин мазмуну азырынча белгисиз.
Киевдин делегациясын бул жолу да коргоо министри Рустем Умеров жетектеп барды. Орусиянын делагациясын Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектеди.
Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кийинки айлампасын 2-июнда Стамбулда өткөрүүнү Орусия Украинага өткөн аптада сунуш кылган.
Орусия Москва Киев менен тынчтык келишиминин меморандумун иштеп чыкканын жана аны Стамбулда Владимир Мединский сунуш кыларын кабарлаган.
16-майда АКШнын арачылыгы менен Стамбул шаарында 2022-жылдын жаз айларынан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.
Эки тарап Стамбулда өткөн түз сүйлөшүүдө туткун айырбаштоо жараянын 1000/1000 форматында жүргүзүүнү макулдашкан. (AiA)