Чек араны коргоодо курман болгон жоокерлерге "Ата Мекен Баатыры" наамы берилди

"Ата Мекен Баатыры" наамы.

Президент Садыр Жапаров 28-майда күч түзүмдөрүнүн чек араны коргоп жатып набыт болгон 55 кызматкерине "Ата Мекен Баатыры" деген наам берди.

Мындай даражаны тапшыруу иш-чарасына маркумдардын жакындары катышты. Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, Жапаров чек ара үчүн жанын аябагандардын эрдиги унутулбасын айтты.

"Чек арачылар күнүндө "Кыргызстандын эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоо үчүн өз күчүмдү, эгерде керек болсо өмүрүмдү да аябайм!" деп берген антына бек туруп, баатырларча курман болгон биздин күч түзүмдөрүбүздүн кызматкерлерин ыраазычылык менен эскерип жатабыз. Чек арабызда болуп өткөн терс окуялардан жабыр тарткан ар бир үй-бүлөнүн муктаждыктарын мамлекет өз убагында чечти. Материалдык жардам көрсөтүлүп, тиешелүү компенсациялар толук төлөндү. Жабыркаган турак жайлар кыска мөөнөттө калыбына келтирилип, жаңы үйлөр пайдаланууга берилди",-деген Жапаров.

Ушул эле күнү "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде президент баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда чек араны коргоодо курман болгон аскерлерге арналган айкелдин ачылыш аземи өттү.

Кыргызстандын эгемен тарыхында коңшу мамлекеттер менен чек арасында адам өлүмү менен аяктаган бир нече жаңжал, куралдуу кагылыштар болгон.

Дагы караңыз

ЖК: бийик тоолуу аймактар тизмесинен 61 конушту чыгаруу тууралуу токтом долбоору күн тартибинен алынды Акыйкатчы институту аскерге чакырылган балдардын башкы жайынын шарты начар экенин билдирди ЖК: өкмөт чайыр тууралуу дыйкандарга берген убадасын аткарбай жатканы айтылды Үч өлкөнүн энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун талкуулады Трамп Путинди дагы сындап, "от менен ойноп жатат" деп билдирди Кара-Кулжа: 20 жылдык кечеге барган аялын өлтүрүүгө шек саналган жаран камалды