Украинанын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 24-майга караган түнү Орусия соңку апталардан бери алгачкы жолу жапырт чабуулдарын күчөткөнүн, борбор калаа Киевде кеминде 15 жайкын тургун жараат алганан билдиришти.
Киевге чабуул башталардан бир нече саат мурдараак эки өлкө 2022-жылы Орусия коңшусуна каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери туткун айырбаштоо боюнча ири жараянды ишке ашыра башташкан.
Украина менен Орусия бири-бирине туткунда кармап келген жүздөгөн аскер кызматкерлерин, жайкын тургундарды өткөрүп беришкен жана дем алыш күндөрү да бул иш уланарын билдиришкен.
Украин президенти Владимир Зеленский ишембиге караган түн оор болгонун белгилеп, сокку урулган, дрондордун сыныктары түшкөн жерлерде куткаруу, тазалоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.
"Түндө шаарда өтө көп жерде өрт тутанды, жарылуулар болду. Кайрадан жайкын тургундардын үйлөрү, машиналары, ишканалар зыян тартты. Тилекке каршы, жараат алгандар бар", — деп кошумчалады ал.
Өлкөнүн Аскер-аба күчтөрү билдиргендей, 24-майга караган түнү Орусия Украинанын аймагына "Искандер-М/КН-23" баллистикалык ракеталарынан 14тү, "Шахед" учкучсуз учактарынан жана башка дрондордон 250гө жакынын учурду. Бул жолу бутага алынган негизги аймак борбор калаа Киев болду.
Абадан коргонуу күчтөрү Киевге багытталган баллистикалык ракеталардын алтоону жана дрондордун 245ин атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү кабарланды.
Түнкү чабуулдардан, полициянын маалыматына караганда, кеминде 15 киши жараат алды.
23-майда Орусия Одессаны бутага алып, ракеталык соккудан эки жайкын тургундун өмүрү үзүлгөнүн, дагы бир нече адам жараат алганын жергиликтүү бийлик билдирген.
Соккуга кабылганын Орусия да айтууда. Өлкөнүн аскер кызматкерлери кабарлагандай, 20-майдан бери Украина 788 жолу дрон жана ракета учурду, анын 776сы атып түшүрүлдү.
Маалыматтарды согуш шартында көз каранды эмес булактардан өз алдынча тактоого мүмкүнчүлүк жок.
24-майдагы чабуулдарды айыптаган Зеленский "мындай соккуларга күбө болгон сайын дүйнө согуштун токтобой жатышынын себеби Москвада экенине ынанууда" деди.
Украина атышууну токтотууну улам сунуштап келе жатканын, бирок андай демилгелеринин баарын көз жаздымда калтырып жатышканын белгилеген украин лидери "Демек, жакшы натыйжага жетиш үчүн Орусияга басымды күчөтүп, чыныгы дипломатияны баштоо зарыл" деп белгиледи жана АКШдан, Европадан орус бийлигине каршы санкцияларды күчөтүүнү күтүп жатканын кошумчалады.
Ал эми туткун айырбаштоо жараяны боюнча Зеленский "Биз адамдарыбызды үйүнө кайтарып жатабыз. 1000ге 1000 туткун айырбаштоо тууралуу келишимдин биринчи бөлүгү ишке ашты" деп Telegram каналына жазды. Анын айтымында, бул жараян алкагында ар бир тарап 390дон кишини өткөрүп берди, 24-25-майда да айырбаштоо уланат.
390 кишинин 270и аскер кызматкери, 120сы жайкын тургун экени кабарланды.
Украинанын борбор калаасы Киев 24-майга караган түнү Орусиянын жапырт аткылоосуна кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Дээрлик жети саат бою орус аскерлери Киевге согуштук дрон жана баллистикалык ракета менен чабуул коюп чыгышканы маалымдалды.
Борбор калаанын үстүнөн "Искандер" баллистикалык ракеталардан алтоону атып түшүрүшкөнү, жалпысынан бул түнү Орусия Украинанын аймагына мындай ракеталардан 15ти учурганы белгилүү болду.
Ал эми учкучсуз учактардан 250сү учурулганы, анын 245и жок кылынганы айтылды. Киевдин улам бир жеринде жарылуу болгону, дрондун сыныгы түшкөн жерлерде өт тутанганы, көп кабаттуу үйлөргө зыян келтирилгени кабарланды.
Эртең 25-майда Киевде шаар күнү белгиленет.
Калаа мэри Виталий Кличконун айтымында, ишембиге караган түнкү чабуулдан жабыркаган эки жайкын тургун ооруканага жаткырылды, жараат алган дагы алты адамга медициналык жардам жеринен көрсөтүлдү.
Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган. Атышууну токтотуу аракеттеринен майнап чыга элек.
Орусия менен Украинанын ортосунда "1000ге 1000" деген формуланын негизинде туткундарды алмашуу жараяны башталды. "РБК-Украина" өз булактарына таянып, бул процесс үч күнгө созуларын жазды.
23-майда түштөн кийин ТАСС агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме кылып, эки тараптан тең 270 туткун айырбашталганын маалымдады. Министрлик Украинанын аймагына 270 аскер менен кошо 120 жай тургун өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.
Бир катар маалымат каражаттары эки тарап туткундарды Украина менен Беларустун чек арасында айырбаштап жатканын жазышты. Бул Орусия Украинага басып кирип, кол салгандан берки жаатташкан эки тараптын ортосундагы эң ири туткун алмашуу жараяны.
23-майда АКШнын лидери Дональд Трамп Truth социалдык тармагына жазган билдирүүсүндө эки тарапты бул макулдашууга жетиши менен куттуктаган. "Бул чоң нерсенин башталышы болушу ыктымалбы?", - деп жазган ал.
Бейшембиде украин президенти Владимир Зеленский Москва сураган туткундардын тизмеси алынганын билдирген. Ал телеграм-каналына "Орусияда туткунда кармалып турган миң жараныбызды бошотуу тууралуу макулдашуу Түркиядагы жолугушуунун жападан жалгыз реалдуу жыйынтыгы болуп калды. Натыйжа үчүн иштеп жатабыз",- деп жазды.
Кийинчерек Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия дагы Киев жөнөткөн туткундардын тизмесин алганын бышыктады.
Өткөн аптанын этегинде Стамбул шаарында үч жыл мурун үзгүлтүккө учураган орус-украин сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, ири туткун алмашуу тууралуу гана орток пикир гана табылган.
Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.
Орусиянын күч кызматкерлери бул өлкөдө жүргөн миңдеген борборазиялык мигрантты Украинадагы согушка жөнөтүүгө жетишти, алар майдандын алдыңкы катарындагы кармаштарга катышууда. Бул тууралуу расмий түрдө 20-майда айтылды.
Орусиянын тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Санкт-Петербургда өткөн эл аралык юридикалык форумда сүйлөп жатып аталган мекеменин тергөөчүлөрүнө Ички иштер министрлигинин жана Росгвардиянын кызматкерлери менен биргеликте атайын рейддерге катышуу тапшырмасын бергенин айтты. Ал белгилегендей, мындай рейддер "мигранттар чогулган жерлерде", орус жарандыгын жакында эле алган, бирок аскердик каттоого турбай жүргөндөрдү аныктоо максатында жүргүзүлүүдө.
Бастрыкиндин айтымында, күч кызматкерлери колунда орус паспорту бар 20 миңдей мигрантты "тутуп алып", Украинага каршы согушка жөнөтүштү жана алар майдандын "алдыңкы катарында".
"Биз мындай орус жарандыгын алган 80 миңдей адамды кармап алдык, алар майдан мындай турсун, аскер комиссариаттарына да баргысы келбейт. Биз эмнегедир Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда жашагысы келбеген мындай 20 миңдей Орусиянын "жаш" жаранын майданга жөнөттүк , - деди Бастрыкин.
Тергөө комитетинин башчысы Орусияга мигрант сыяктанып "болочок кылмышкерлер" барып жатканын, аларды да "тутуп алып", "кылмышын Орусияда эмес, өз жеринде жасап жүрө бериши үчүн" мекенине кайтаруу керек деп кошумчалады.
Буга чейин "Азаттык" Орусиянын Украинага каршы согушунда теги кыргызстандык кеминде 70 киши набыт болгонун аныктаган. Алардын 38и Кыргызстандын жараны. Калганы теги кыргызстандыктар. 10 адамдын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болгон.
Бул согушта дагы канча кыргызстандык жүргөнү, канчасы майып болгону тууралуу так маалымат жок.
Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштаган 2022-жылдын күзүндө мобилизация жарыялаган. Каалоочулар Коргоо министрлиги менен акы алып кызмат өтөө тууралуу келишим түзүп, майданга аттанууда. Согушка абактагылар да тартылат.
Орус бийлигинин бул өлкөдө жүргөн мигранттарга да көзү түшүп, барган сайын аларга талап күчөп, кысмакка алынып, жарандыктан айрылып калбашы үчүн майданга аттангандары аз эмес.
Соңку кезде миграциялык мыйзамдар өтө тездик менен катаалдап, улам бир шылтоо менен ар кандай рейддер жүргүзүлүүдө. Бул рейддер учурунда орус жарандыгын алган мигранттарга аскердик комиссариатка чакыруу кагазы тапшырылат же дароо эле ошол жерден салып кетишет. Паспортун тартып алабыз же депортация кылабыз деп коркутуп аларды Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө мажбурлашарын мигранттар өзүлөрү айтып келишет.
Бир жыл мурда Бастрыкин ошол эле юридикалык форумда сүйлөп жатып Орусия эмгек мигранттарын өлкөдөн кетириш үчүн аларды Украинадагы согушка жөнөтүп жатканын айткан.
"Биз мигранттар Орусиядан акырындап кете башташына алып келе турган бир амал таптык. Конституциянын жана мыйзамдарыбыздын жарандык алган адамдар аскердик каттоого турууга, керек болсо атайын аскердик операцияга катышууга милдеттүү деген жоболорун ишке ашыра баштадык", — деген ал.
Бастрыкин жакында орус жарандыгын алган, бирок аскердик каттоого турбай жүргөн 30 миңдей чет өлкөлүк аныкталып, каттоого алынганын, алардын 10 миңге жакыны согушка жөнөтүлгөнүн айткан болчу. Мигранттар "окоп казганга" да керек экенин айткан жетекчи "алар бүгүнкү күндө биздин тылдагы бөлүктөрдү толуктап жатышат" деп кошумчалаган.
Тергөө комитетин 2011-жылдан бери башкарып келе жаткан Бастрыкин мигранттарга каршы мамилеси менен белгилүү. Ал миграция мыйзамдарын катуулатуу керек деп эсептейт. Былтыр жазында Москвада «Крокус Сити» борборунда кеминде 145 кишинин өмүрүн алганы айтылган кол салуудан кийин да ал мигранттарга каршы билдирүүлөрдү жасаган.
Бастрыкиндин билдирүүлөрүндө айтылган сандарды көз каранды эмес булактардан тактоо мүмкүн эмес. Согуш башталгандан бери орус бийлиги жарандарынын саны, төрөлгөндөр, өлгөндөр, ооругандар боюнча статистикалык көрсөткүчтөрдү толук жарыялабай калды. Талдоочулар муну Орусия Украинадагы согуштагы жоготууларын, чыныгы абалын жаап-жашыруу максатында жасоодо деп боолгошот.
2024-жылдын август айында орус президенти Владимир Путин Орусиянын жарандыгын алган киши аскердик каттоого милдеттүү турдө турушу керектиги тууралуу мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам, серепчилер белгилегендей, негизинен Борбор Азиядан барган мигранттарга каршы багытталган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөнүн маалымдаган. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынганы айтылган.